2024-жылдын 7-декабрь күнү Балыкчыда автожолдун боюна 500 ийне жалбырактуу карагай көчөтү отургузулду.
Бишкек-Балыкчы автожолун жашылдандыруу боюнча “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Балыкчы токой чарбасы жана Балыкчы шаардык мэриясы биргеликте акция өткөрдү.
Бул иш-чара айлана-чөйрөнү коргоо, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү максатында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ӨКМдин кызматкерлери, шаардагы мекемелердин кызматкерлери жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери активдүү катышышты.