Нарын облусунун Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9–11-класстарынын окуучулары жана мугалимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына экскурсияга барышты. Сапардын жүрүшүндө алар парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, депутаттардын отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Экскурсияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адилет Белеков уюштурууга көмөк көрсөткөн.
Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу билимдерин кеңейтүү, мыйзам чыгаруу органынын иши менен тааныштыруу жана жаштардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу.
Сапардын алкагында окуучулар парламенттин иш процесси менен жакындан таанышып, депутаттардын отурумуна катышышты. Алар мыйзам чыгаруу жараянына күбө болуп, мамлекеттик маанидеги маселелер талкууланган жыйындын жүрүшү тууралуу түшүнүк алышты.

Ошондой эле окуучулар Ак үйдүн имаратынын ички түзүлүшү, жыйындар залдары жана өзгөчөлүктөрү менен таанышып, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.
Мектеп окуучулары үчүн бул экскурсия теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен толуктоого, мамлекеттик башкарууга болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги максаттары тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары үчүн бул сапар унутулгус тажрыйба болуп, алган билимдерин турмуш менен байланыштырууга шарт түздү.
Даярдагандар: Раяна Жумадилова, Назик Мирланова