Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9- жана 11-класстарынын окуучулары 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таанышуучу сапар жасашты. Жолугушуунун максаты жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүү, парламенттин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана жарандык жоопкерчилигин арттыруу.

Сапарга окуучулар менен бирге мугалимдер да катышты. Жол жүрүү учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун МАИ кызматкерлери коштоп барышты.
Сапардын алкагында окуучулар Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева менен жолугушту. Алар эл өкүлү менен баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. Депутат окуучулар менен пикир алмашып, аларга ак тилектерин билдирди.
Ошондой эле мектеп окуучулары парламенттин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, мыйзам чыгаруу тармагы тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтишти.

Мектептин окуучусу Жоокер Батишов сапар аларга жаңы тажрыйба берип, келечекке болгон максаттарын аныктоого түрткү болгонун белгиледи:
«Бул сапар биз үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу китептерден жана интернеттен гана маалымат алып келсек, бүгүн анын иши менен жакындан тааныштык. Депутат Эдита Каныбековна Тайгараева менен жолугушуп, өзүбүздү кызыктырган суроолорду бергенибиз өзгөчө таасир калтырды.
Мындай мүмкүнчүлүк бизге жаңы максаттарды коюуга жана келечегибиз жөнүндө тереңирээк ойлонууга түрткү берди. Ушундай шарт түзгөн мектебибиздин директору Айдай Джолчубековага жана жолугушууну уюштурган депутат Эдита Тайгараевага ыраазычылык билдиребиз,» — деди ал.
Мектептин өкүлү Зарина Соорбекова окуучулар үчүн теориялык билим менен катар практикалык тажрыйба да маанилүү экенин белгиледи:
«Окуучулардын Жогорку Кеңешке барып, парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, эл өкүлү менен түз баарлашуусу чоң тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк мааниге ээ. Мындай жолугушуулар жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекеттик башкарууга болгон кызыгуусун арттырат. Өзгөчө бүтүрүүчү класстардын окуучулары үчүн бул сапар келечектеги кесибин тандоодо жана жашоодогу максаттарын аныктоодо пайдалуу болот деп ишенем. Биздин негизги максатыбыз — билимдүү гана эмес, мекенин сүйгөн, жоопкерчиликтүү, өз оюн эркин билдире алган жана коомго пайда алып келген инсандарды тарбиялоо,» — деди Зарина Соорбекова.
Ал ошондой эле жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөткөн Эдита Тайгараевага жана мектептин директору Айдай Джолчубековага ыраазычылык билдирип, аларга ийгилик каалады.
Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамааты окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөткөн Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун МАИ кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Мектеп жамаатынын белгилешинче, мындай таанып-билүү сапарлары окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, коомдук-саясий процесстерге болгон кызыгуусун арттырат. Ошондой эле жаштардын жарандык позициясын калыптандырууга, өз келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуусуна өбөлгө түзөт.
Мектеп жамааты жаш муундун билим алуусуна жана өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, окуучулар келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон татыктуу инсандардан болушуна тилектештигин билдирди.
Даярдагандар: Раяна Бейшенбекова, Айсулуу Шаршеналы кызы