Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: АОСМИ

Маловодное айылындагы почтанын эшиги 35 миң сомдук демөөрчүлүк жардам менен жаңыланды

Күнтуу айыл аймагына караштуу Маловодное айылында коомдук жайлардын абалын жакшыртуу максатында айылдагы почтанын эшиги жаңыланып, жаңы эшик орнотулду. Бул ишти уюштурууга айыл башчысы Айнура Исакова демилге көтөргөн. Ал эми мебель …

Кара-Сакал айылында шамалдан чатыры учуп кеткен үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Кара-Сакал айылынын тургуну, жалгыз бой эне Гүлнурдун үйүнүн чатыры катуу шамалдан улам толугу менен учуп кетип, турак жайы олуттуу зыянга учураган. Натыйжада үй-бүлө оор кырдаалга туш болгон. Мындай учурда кайдыгер …

Сокулук районунда жаш жетекчилерге жана мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүлдү

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери Күнтуу айыл аймагындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде сабактарга катышып, педагогикалык жамаатка усулдук-методикалык жардам көрсөтүштү. Иш-чаранын алкагында мектептин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, 12 …

Кичи-Шалта айылындагы 2,5 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагындагы Кичи-Шалта айылында 2,5 чакырым жолду асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер айылдагы жол инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундардын каттамын жеңилдетүүгө багытталган.

Новое айылынын окуучулары Жогорку Кеңешке барып, депутат Эдита Тайгараева менен жолугушту

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9- жана 11-класстарынын окуучулары 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таанышуучу сапар жасашты. Жолугушуунун максаты жаштардын дүйнө …

Күнтуу айыл аймагынан V Элдик курултайга эки делегат шайланды

Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жыйыны өттү. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Руслан Чыныбаев жана Айдай Джолчубекова делегат болуп шайланышты. Жыйын учурунда жергиликтүү инфраструктура, мектеп, жол, …

Сокулуктагы Саадаш Абдылдаева атындагы мектепке жаңы директор дайындалды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы жалпы билим берүү мектебине Алтынай Сапынова директор болуп дайындалды.Өткөн жумада Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев мектептин …

Күнтүү айыл аймагындагы мектептерге смарт-доскалар тапшырылды

Сокулук районунун Күнтүү айыл аймагындагы үч мектепке заманбап акылдуу доскалар белекке берилди. Бул демилге окуу процессине санариптик технологияларды киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Кызыл-Туу айылындагы байланыш бөлүмүнүн башчысы Айгуль Байсуанова эл кызматында

Ар бир айылдын турмушунда өз ишин жан-дили менен сүйүп, ак эмгеги жана адамгерчилиги менен элдин урмат-сыйына ээ болгон инсандар бар. Алардын бири — «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалына караштуу …

Суусамырда экологиялык семинар өттү

Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында «Аманат Өмүр» коомдук фондунун Экология мектеби тарабынан «Живая традиция – Живые права» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Кызыл-Туу айылында 1 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлүүдө

Күнтүү айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында Табышалиева көчөсүнүн 1 чакырым 100 метр бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Күнтуу аймагында тазалык акциясы өткөрүлдү

Күнтуу аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана тургундар биргеликте тазалык акциясын өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында коомдук жайлар, мекемелердин айланасы, парктар, дүкөндөрдүн тегереги жана Маловодное айылынан Бишкек–Кара-Балта автожолуна чейинки жол боюндагы …

Күнтуу айыл аймагындагы көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Күнтуу айыл аймагындагы бир катар көп балалуу энелер энелик эмгеги жана үй-бүлө институтун чыңдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Сокулукта суудагы коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун Сокулук районунда сууда кырсыктардын алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Күнтуу айыл аймагында суу сактагычтын курулушу башталды

Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагында суу сактагычтын (БДР) курулуш иштери башталды. Долбоор аймактагы сугат суу менен камсыздоону жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.

Чүй облусунда жылдын мыктылары аныкталды

Чүй облусунда педагогикалык чеберчиликти арттыруу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдердин кесиптик кадыр-баркын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими – 2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” сынагы жыйынтыкталды.

Сокулук: Г. Капарова мектебинде кыргыз тилинен мамлекеттик экзамен ийгиликтүү өттү

2-июнь күнү Сокулук районунун Новое айылындагы Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү күн болуп, кыргыз тилинен мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамен тапшырылды.

“Кош алиппе” майрамы жогорку деңгээлде белгиленди

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде 1-класстардын “Кош алиппе” аталышындагы салтанаттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү. Бул майрам кичинекей окуучулардын билим жолундагы алгачкы маанилүү баскычын жыйынтыктаган, кубанычка, сыймыкка жана үмүткө …

Орозо айт намазы 20-мартта белгиленген тартипте өткөрүлөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 20-марты Орозо айт майрамы катары белгиленип, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде айт намазы белгиленген тартипте өткөрүлөт. Бул тууралуу тиешелүү кат облустук, шаардык өкүлчүлүктөргө жана …

Сокулук районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

14-март күнү Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтүндө жайгашкан бардык билим берүү уюмдары жалпы ишембиликке чыгышты. Ишембиликке мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын кызматкерлери активдүү катышып, билим берүү мекемелеринин айланасын тазалоо иштерин …

Шаршемби
4 Жетинин айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...