2-июнь күнү Сокулук районунун Новое айылындагы Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү күн болуп, кыргыз тилинен мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамен тапшырылды.

Кыргыз тили — улуттун сыймыгы жана мамлекеттүүлүктүн негизи болгондуктан, бул сынак окуучулар үчүн өзгөчө жоопкерчиликти талап кылды. Экзамендин жүрүшү менен таанышуу максатында биз класс жетекчи жана окуучулар менен маектештик.
Бүтүрүүчү класстын класс жетекчиси Анахан Матекова экзамендин уюштурулушу жана окуучулардын даярдыгы тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамендер — бул окуучулардын бир нече жылдык эмгегинин жыйынтыгы. 2-июндагы кыргыз тили сабагынан сынак жоопкерчиликтүү өттү. Экзамен учурунда тартип жана ачык-айкындуулук толук сакталды. Мугалим катары балдарым үчүн абдан толкундандым, бирок алардын билимине ишенем. Жыл бою кайталоо иштерин жүргүзүп, диктант жана эссе жазуу боюнча тынымсыз даярдык көргөнбүз. Окуучуларым бул сыноодон татыктуу өтүштү деп ишенимдүү айта алам».

9-класстын окуучусу Бекбийке Биймырзаева экзамен тууралуу өз таасири менен бөлүштү:
— Экзамен кандай өттү? Кандай сезимдер болду?
— Чынын айтсам, бөлмөгө кирип жатканда абдан толкундандым. Бирок мугалим текстти окуп баштаганда эле өзүмө келдим. Класс жетекчибиз жана кыргыз тили мугалимибиз менен бирге кайталанган темалар болгондуктан, сынак салыштырмалуу жеңил өттү. Эне тилибизден экзамен тапшыруу биз үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик.
Экзамен аяктагандан кийин окуучулардын жүзүнөн жеңилдөө жана кубаныч сезими байкалды. Бул мамлекеттик сынак Г. Капарова атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү алдыдагы турмуштук сыноолорго даяр экенин дагы бир жолу тастыктады.
Мектеп жетекчилиги бүтүрүүчүлөргө алдыдагы экзамендерде да ийгилик каалап, ак жол тиледи.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова