Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жыйыны өттү. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Руслан Чыныбаев жана Айдай Джолчубекова делегат болуп шайланышты. Жыйын учурунда жергиликтүү инфраструктура, мектеп, жол, таза суу, газдаштыруу жана транспорт маселелери талкууланды.

«Элдин үнү — элибиздин келечеги!» деген ураан менен өткөн жыйынга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйынды Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Турдубек Джаркынбаев алып барып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Ал Элдик курултай жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн бийликке жеткирүүчү аянтча экенин белгилеп, жыйынга катышкан айылдаштар аймактын өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелерди көтөргөнүн айтты.

«Элдик курултай — бул жөн гана жыйын эмес, бул эл менен бийликтин ортосундагы түз көпүрө. Бул жолку жыйыныбызда айылдаштарыбыз абдан активдүү катышып, аймагыбыздын инфраструктурасы, мектеп, жол, суу, газдаштыруу жана транспорт маселелери боюнча орчундуу суроолорду ортого салышты.
Баарлашуу ачык өтүп, эң башкысы, республикалык курултайда айылыбыздын үнүн жеткире турган өкүлдөрүбүздү ачык добуш берүү менен шайлап алдык. Элдин биримдиги жана ынтымагы ар дайым өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп кала берет», — деди Турдубек Джаркынбаев.
Жыйындын жыйынтыгында Руслан Чыныбаев жана Айдай Джолчубекова V Элдик курултайга делегат болуп шайланышты.
Жаңы шайланган делегат Руслан Чыныбаев айылдаштарынын ишенимине ыраазычылык билдирип, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын курултайда көтөрүүгө аракет кыларын белгиледи.
«Мага жана Айдай Джолчубековага ушундай жооптуу милдетти ишенип тапшырган айылдаштарыбызга терең ыраазычылык билдирем. Элдин ишеними — бул чоң жоопкерчилик. Күнтуу айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалы, тургундарыбызды кабатыр кылган көйгөйлөр жана өнүгүү боюнча сунуштардын бардыгын курултайдын минбарынан ачык айтып, жеринде чечилишине салым кошууга болгон аракетибизди жумшайбыз», — деди ал.
Эми делегаттардын алдында Күнтуу айыл аймагынын тургундары көтөргөн маселелерди республикалык деңгээлде жеткирүү жана алардын чечилишине көмөктөшүү милдети турат.
Даярдагандар: Раяна Бейшенбекова, Сайкал Азатбек кызы