Түп районунда Баткен окуяларынын ардагерлеринин эрдигин эскерүүгө арналган иш-чара өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, аскер комиссариатынын кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Түп айылындагы эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң салтанаттуу залп атылып, курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып Куран окулду.
Түп райондук Баткен согушунун ардагерлер уюмунун жетекчиси Канат Конкуев баштаган ардагерлерди Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нуржан Алапаева, райондук ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, аскер комиссариатынын өкүлдөрү жана коомчулук куттукташты. Алар Баткен окуяларында мекенин коргоп, эрдик көрсөткөн жоокерлердин каармандыгын белгилеп, ардагерлерге ыраазычылык билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен окуяларында курман болгон үч жоокердин энелерине райондук мамлекеттик администрация тарабынан эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле ардагерлерге Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары берилди.
Салтанаттын экинчи бөлүгүндө ардагерлерге дасторкон жайылып, чакан концерттик программа тартууланды. Иш-чара мекен үчүн кызмат кылган жоокерлердин эрдигин даңазалоого, курман болгондорду эскерүүгө жана ардагерлерге урмат көрсөтүүгө багытталды.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров