Айылда жаш муундун ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоо максатында жаңы күрөш залы пайдаланууга берилди. Залдын курулушуна жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары колдоо көрсөтүшкөн. Эми жаш спортчулар машыгууга ылайыкталган шартта даярдана алышат.

Грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Тилекмат Атагуловдун айтымында, айылда күрөш спортуна болгон кызыгуу бир нече жыл мурун башталган. Алгач балбандар мектептин жер төлөсүндөгү чакан залда үч-төрт жыл машыгышкан. Кийин мектептин директору Алик Мамытов спортчуларга мектептин бир бөлмөсүн бөлүп берип, машыгууга шарт түзгөн.

Машыктыруучу көрсөткөн колдоосу үчүн мектеп директоруна ыраазычылык билдирди.
Спортчулардын саны көбөйгөн сайын атайын күрөш залын куруу зарылдыгы жаралган. Бул демилгени мурдагы айыл өкмөт башчысы Курманбек Кайыков колдоп, Мирбек Кожоев менен биргеликте ишке ашырууга аракет кылышкан. Ошондой эле айыл башчысы Рыскелди Байсариев да курулуш иштерине көмөк көрсөткөн.

Тилекмат Атагуловдун маалыматына караганда, жаңы залды ачууга даярдык көрүү жана долбоорду ишке ашыруу үчүн төрт жыл убакыт кеткен:
«Жаңы күрөш залы балдардын сапаттуу машыгуусуна ылайыкталган. Негизги максатыбыз — жаштарды спортко тартуу, алардын ден соолугун чыңдоо, тартипке үйрөтүү жана күрөш спортуна болгон кызыгуусун арттыруу. Келечекте бул залдан Азиянын жана дүйнөнүн чемпиондору чыгаарына ишенебиз», — деди машыктыруучу.
Анын айтымында, спортчулар буга чейин да бир катар ийгиликтерге жетишип келишкен. Алдыда мелдештерге катышуу пландалып, жаш балбандардын тажрыйбасын жана спорттук чеберчилигин жогорулатууга басым жасалат.
Жаңы күрөш залы айылдагы балдардын спорт менен машыгуусуна кошумча мүмкүнчүлүк түзүп, келечектеги спорттук жетишкендиктерге жол ачат.
Даярдаган: Диана Жайлобаева