9-сентябрь — Комуз күнүнө карата Түп районунда өзгөчө иш-чара уюштурулду. С.Орозов атындагы балдар музыкалык мектебинин комуз боюнча эл аралык сынактардын лауреаттары бул күндү кайрымдуулук иш-чарасы менен белгилешти.

Музыкалык мектептин окуучулары Түп районундагы манасчы Уркаш Мамбеталиев атындагы кичи райондо жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган шаарчага барып, жашоочуларга комуз күүлөрүн тартуулашты.

Өнөрпоз балдар комуздун коштоосунда ырларды аткарып, кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын көч башында турган комуздун тарыхы, өзгөчөлүгү жана анын күүлөрү тууралуу кеңири айтып беришти.
Музыкалык мектептин директору Гүлзат Абдыкеримованын айтымында, мындай иш-чаралар жаш муундарга улуттук музыкалык мурасты таанытып, комуз өнөрүн жайылтууга жана улуу муундун өкүлдөрүнө жакшы маанай тартуулоого багытталган.
Комуз күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, шаарчанын жашоочулары менен баарлашып, жагымдуу маанай тартуулашты.
Даярдаган:Муратбек Жумакадыров