9-сентябрь – Улуттук комуз күнүнө карата Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан “Комузум сен барда, эл бар” аттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын башкы максаты – элибиздин кылымдарды карыткан улуттук аспабы Комуздун баалуулугун даңазалоо, аны келечек муунга мурас катары өткөрүп берүү жана жаштарды мекенчилдикке, улуттук каада-салтка тарбиялоо болуп саналат. Майрамдык программада маданият үйүнүн өнөрпоздору жана жергиликтүү таланттар тарабынан залкар комузчулардын күүлөрү чертилип, комуздун коштоосунда ырлар ырдалды, Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин бийчилери тарабынан бийлер бийленди. Ошондой эле, комуз аспабынын келип чыгуу тарыхы жана анын кыргыз элинин турмушундагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чарага айыл тургундары, жаштар жана айыл кызматкерлери катышып, улуттук маданиятыбызга болгон сый-урматын билдиришти. Аягында айыл өкмөтү тарабынан маданият тармагына салым кошуп жаткан кызматкерлерге жана жигердүү катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.
Комуз – кыргыз элинин жан дүйнөсү, тарыхы жана сыймыгы! Улуттук майрамыңыздар кут болсун!

Даярдаган: И.Мөндүрбаева