Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасындагы республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Алардын арасында Түп районунан барган сүрөтчү-көнчү (теричи) Кадырбек Мусаев да бар.
Мусаев «Уз-уста» усталардын кол өнөрчүлүк сынагынын көнчүлүк — тери иштетүү багыты боюнча баш байгеге ээ болду.
«Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында жалпысынан 13 республикалык кароо-сынагы өткөрүлүп, ага Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Сынактарда 1331 катышуучу өз өнөрүн, чыгармачылыгын жана улуттук мурастын мыкты үлгүлөрүн тартуулады.
Кароо-сынактар улуттук мурасты, салт-санааны, кол өнөрчүлүктү, музыка жана бий өнөрүн, улуттук кийимдерди жана көчмөн маданиятын жайылтууга багытталды.
«Көчмөн кайрык» этно-ыр сынагында I орунду Ысык-Көл облусунун «Кут» үй-бүлөлүк фольклордук тобу ээледи. Ал эми «Бий ыргак» этно-архаикалык бий сынагында Ысык-Көл облусунан Мукамбетов Саламаттын «Тактеке» бийи I орунга татыды.

«Уз-уста» усталардын кол өнөрчүлүк сынагынын көнчүлүк — тери иштетүү багытында I орун Чүй облусунан Токтосунов Самаганга, II орун Дедиева Сагынга, III орун Бишкек шаарынан Тентигул уулу Дастанбекке жана Нарын облусунан Төлөбек уулу Эржанга берилди. Баш байгени Ысык-Көл облусунан Кадырбек Мусаев алды.
«Саркеч» салттуу кийимдер сынагында I орунду Ош шаарынан Исакбаева Перизат, II орунду Ысык-Көл облусунан Соноева Зарылкан ээлесе, баш байге «Кийиз-Дүйнө» уюмунун өкүлү Нуржамал Асангуловага ыйгарылды.
«Улуттук каада-салттар» сынагында I орун Чүй облусуна, II орун Нарын облусуна, III орун Ысык-Көл жана Ош облустарына берилди. Баш байгеге Ош шаары татыды.
«Көчмөн даамы» улуттук тамак-аш сынагында баш байгени Ысык-Көл облусу алды.
Ал эми «Мыкты кыргыз боз үйү» сынагында I орун «Кийиз-Дүйнө» коомдук фондуна, II орун Нарын облусуна, III орун Баткен облусуна жана Бишкек шаарына ыйгарылды. Баш байгеге Ысык-Көл облусу ээ болду.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров