Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Түп району

Түптө комуз күнү өзгөчө белгиленди

9-сентябрь — Комуз күнүнө карата Түп районунда өзгөчө иш-чара уюштурулду. С.Орозов атындагы балдар музыкалык мектебинин комуз боюнча эл аралык сынактардын лауреаттары бул күндү кайрымдуулук иш-чарасы менен белгилешти.

Түптүк сүрөтчү-көнчү Кадырбек Мусаев «Көчмөндөр ааламы» сынагынын баш байгесин алды

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасындагы республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Алардын арасында Түп районунан барган сүрөтчү-көнчү (теричи) Кадырбек Мусаев да бар.

Түп районунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Түп районунда майрамдык салтанат өттү. Иш-чара Түп айыл аймагындагы «Ак кайың» эс алуу багында уюштурулду.

Түптө Үркүндүн 110 жылдыгы эскерилип, Куран окулду

Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Ынтымак айылында Үркүндүн 110 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өтүп, шейит кеткен ата-бабалардын арбагына Куран окулду.

Түп районунда мыйзам талаптарына жооп бербеген 12 көрнөк-жарнак алынды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түп районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында мониторинг иштери жүргүзүлдү.

Түп районунда жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

24-июль 2026-жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясында райондук коллегиянын жыйыны өтүп, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер талкууланды.

Түптүк окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык жана республикалык таймаштарда ийгилик жаратышты

Түп балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун «Менталдык арифметика» ийриминин тарбиялануучулары эл аралык жана республикалык билим таймаштарында ийгиликтүү катышып, бир катар байгелүү орундарды багындырышты.

Түптө иш менен камсыздоого багытталган окууну 101 жаран аяктады

Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган кесиптик окутуу ийгиликтүү жыйынтыкталып, 101 жаран сертификатка ээ болду.

Тасма айылындагы бүтүрүүчү ЖРТдан 184 балл топтоду

22025–2026-окуу жылында А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебин 26 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен Окенова Диана Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 184 балл алып, мектеп боюнча эң жогорку көрсөткүчкө …

Тасма мектебинин жаш спортчулары облустук мелдеште ийгилик жаратышты

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Я — Чемпион» аттуу облустук спорттук мелдеште ийгиликтүү катышып, мектептин жана айылдын намысын татыктуу коргошту. Жаш …

Түптө киберкоопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери үчүн түшүндүрүү иштерин …

Түп районунда чычырканакты сактоо жана кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор ачылат

2026-жылдын 1-июнунда Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан «Данис Берри» ЖЧКсынын чычырканак плантациясында Кыргыз Республикасындагы алгачкы «Чычырканакты сактоо жана кайра иштетүү» логистикалык борборун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Түп районунда Китепканачылар күнү жана Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган маданий кече өттү

Түп райондук маданият үйүндө 27-май — Китепканачылар күнү жана көрүнүктүү акын-жазуучу Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган поэзия кечеси жана майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Тасма айылында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тасма айылында балдар үчүн жагымдуу майрамдык саамалык уюштурулду. Майрамдын алкагында айылдын жаш тургундарына бекер балмуздак таратылып, алардын майрамдык маанайына өзгөчө көрк кошулду.

Түп районунун медайымдары «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» спорттук оюндарында күч сынашты

5-май – Эл аралык акушерлер күнү жана 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Түп районунда медицина кызматкерлеринин арасында «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Түп районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өттү

19-май күнү Түп районунда жергиликтүү тургундар менен кезектеги жолугушуулар өткөрүлүп, алар Ысык-Көл, Карасаев жана Түп айыл аймактарын камтыды. Жолугушууга Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакытбек Жетигенов катышып, аймактагы актуалдуу маселелерди жеринде угуп, …

Түптө 75 үй-бүлөгө 150 миң сомдук сертификат тапшырылды

6-апрель 2026-жылы Түп районунда жөлөкпул алган 75 үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттар тапшырылды. Бул жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомуна ылайык “Социалдык контракттын негизинде социалдык-экономикалык жардам” …

9- сентябрь айылдык ден соолук комитетинин (АДК) күнү

Бул күн дем алыш күнүнө туш келгенинен байланыштуу, майрамды белгилөө 12- сентябрда Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулду. АДКлардын ишмердүүлүгү айыл тургундарынын ден соолугуна таасир этүүчү факторлорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн …

Түп: Тасма айылдын кире беришиндеги көпүрө орнотулду

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 2005-жылдан бери авариялык абалда турган. Быйылкы жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жасалды.

Тасмада өспүрүм кыздарды эмдөөнүн экинчи этабы жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири тараган коркунучтуу илдет болуп …

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...