Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Ынтымак айылында Үркүндүн 110 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өтүп, шейит кеткен ата-бабалардын арбагына Куран окулду.
Август айынын биринчи жумасы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү күндөрү катары белгиленип келет. Бул иш-чарада 1916-жылдагы Үркүн учурунда кыргыз эли тарткан оор жоготуулар, ачарчылык жана өлүм-житим эскерилди. Иш-чара Каракол шаарындагы «Түп Ынтымак Ордосу» коомдук бирикмесинин 10 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулду.
Эскерүү учурунда Ысык-Көл айылынын тургуну Аблабек Акматов жана Долон айылынын тургуну Бердалы Турганбаев Үркүндүн 110 жылдыгына карата ата-бабаларды эскерип, алардын арбагына багыштап Куран окутуу сунушун билдиришти.

Катышуучулар 1916-жылдагы Үркүн мезгилинде элдин башынан өткөргөн оор күндөрүн эскерип, ошол кездеги ачарчылык, азап-тозок жана адам өмүрүнүн кыйылышы тууралуу сөз кылышты. Шейит кеткен чоң ата, чоң энелердин жана жалпы Үркүн курмандыктарынын арбагына багышталып Куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү тургундар жана коомдук бирикменин мүчөлөрү менен катар Түп райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин биринчи орун басары Руслан Сарымсаков жана аппарат жетекчиси Салкын Оморова да катышты.

Катышуучулар Үркүн тарыхын унутпай, кийинки муунга жеткирүү жана ошол оор мезгилде курман болгон ата-бабалардын элесин урматтоо маанилүү экенин белгилешти.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров