Дөбөлү айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсүндө айылдын көркүнө көрк кошуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылып жатат.
Долбоордун алкагында борбордук көчөнүн 1,6 чакырымдык аралыгына заманбап аллея куруу каралган. Аллея жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге, айылдын борбордук бөлүгүнүн архитектуралык көрүнүшүн жакшыртып, жашоочулардын эс алуусу жана сейилдөөсү үчүн жагымдуу коомдук мейкиндикти түзүүгө багытталган.
Долбоордо аллеяны көрктөндүрүү менен катар лотокторду орнотуу жана көчөнү жарыктандыруу (освещение) системасын камсыз кылуу да каралган. Бул иштер жаан-чачын учурунда суунун агымын туура жөнгө салууга, көчөнүн санитардык жана көрктүү абалын жакшыртууга, ошондой эле кечки убакта жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз шарт түзүүгө өбөлгө болот.
Аталган долбоор «Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна» сунушталып, колдоого алынган. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 20 млн 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Учурда курулуш иштерин «Билим Курулуш» компаниясы жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө долбоор боюнча белгиленген иштердин болжол менен 30 пайызы аткарылды. Курулуш иштеринин жүрүшүндө тиешелүү талаптар жана долбоордук чечимдер сакталуу менен аллеянын негизги элементтери этап-этабы менен курулууда.
Бул долбоор Дөбөлү айылынын инфраструктурасын жакшыртууга, борбордук көчөнүн көрүнүшүн жаңылоого жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган маанилүү иштердин бири болуп саналат.

Аллеянын курулушу толук аяктагандан кийин Дөбөлү айылынын борбордук көчөсү заманбап, жарык жана көрктөндүрүлгөн аймакка айланып, айыл тургундары үчүн жагымдуу шарт түзүлөт деп күтүлүүдө.
Дөбөлүнүн өнүгүүсү — эл үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөн башталат!
Даярдаган: И.Мөндүрбаева