Дөбөлү айылында сугат суусун натыйжалуу пайдалануу жана дыйкандарды суу менен камсыз кылуу максатында беш суу бөлүштүргүч куруу долбоору ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундардын демилгеси жана өздүк салымы менен анын үчөө курулуп бүттү.
Долбоор Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталып, жалпы наркы 950 миң сомду түзөт. Анын негизги максаты — айдоо жерлерине сугат суусун жеткирүү, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана сугат иштерин жөнгө салуу.
Учурда төмөнкү суу бөлүштүргүчтөр курулуп бүттү:
— Кур-Сай;
— Куу-Дөңгөч;
— Төө-Жайлоо.
Өзгөчө белгилей кетсек, Кур-Сай жана Куу-Дөңгөч суу бөлүштүргүчтөрүн курууда Дөбөлү айылынын жаштары активдүү демилге көтөрүп, жалпы 40 миң сом каражат бөлүшкөн. Алар жергиликтүү тургундар менен биргеликте курулуш иштерин жүргүзүшкөн.
Суу бөлүштүргүчтөрдүн курулушу дыйкандарга сугат суусун туура бөлүштүрүүгө, анын ысырап болушун азайтууга жана айдоо жерлерин суу менен камсыз кылууну жакшыртууга шарт түзөт.
Жергиликтүү тургундар менен жаштардын биргелешкен демилгеси айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошулган салым болуп саналат.

Даярдаган: И.Мөндүрбаева