1-ноябрь — Кыргыз милициясынын күнүнө карата Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев айыл аймагындагы милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана элдин тынчтыгын коргоо багытында милиция кызматкерлери аткарып жаткан жооптуу кызматтын мааниси белгиленген.

«Элдин тынчтыгын, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жолунда күнү-түнү жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келе жаткан сиздердин эмгегиңиздер терең урмат-сыйга татыктуу.
Мыйзамдуулукту сактоо, коомдогу туруктуулукту камсыз кылуу жана элдин ишенимин актоо — ар бир милиция кызматкеринин ардактуу милдети.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кызматтык ийгиликтерди каалайм. Элибизде тынчтык, жергебизде ынтымак, асманыбыз ачык болсун! Майрамыңыздар кут болсун!» — деп айтылат куттуктоодо.
Куттуктаган: Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев.
Даярдаган: Жанар Алгожоева