Дөбөлү айыл аймагында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жалпы суммасы 780 миң сомду түзгөн эки долбоор ишке ашырылды.
Балдардын келечеги үчүн түзүлгөн ар бир шарт — эртеңки күнгө жасалган инвестиция!
Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Тамды-Суу айылындагы «Орук-Там» келечеги мектепке чейинки билим берүү мекемесине 400 миң сомдук долбоор даярдалып, анын алкагында балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары орнотулду.
Мындан тышкары, А. Алсейитов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 380 миң сомдук «Жашыл бурч» долбоору ишке ашырылып, керектүү жабдуулар орнотулду.
Аталган долбоорлор балдардын эс алуусуна, ден соолугун чыңдоосуна, мектепке чейинки курактагы балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана окуучулардын билим алуусуна жагымдуу шарт түзүүгө багытталган.

Жалпы суммасы 780 миң сомду түзгөн бул демилгелер Дөбөлү айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртууга жана балдардын өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Дөбөлү айыл аймагынын өкүлдөрү долбоорлорду колдоп, ишке ашырууга көмөк көрсөткөн Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдиришти.
Балдардын келечеги үчүн түзүлгөн ар бир шарт — эртеңки күнгө жасалган инвестиция.
Даярдаган: И.Мөндүрбаева