Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева Күнтүү айылына иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда айыл аймагында курулуп жаткан «Көчмөн Сити» турак жай долбоорунун жүрүшү талкууланып, тургундардын суроолоруна жооп берилди.

Маалыматка ылайык, учурда курулуштун биринчи этабы аяктоо баскычына жетти. Долбоордун алкагында курулган турак үйлөр Күнтүү айылынын тургундарына квота аркылуу берилери белгиленди.
Жолугушууда депутат жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлерин жана суроолорун угуп, аларды кызыктырган маселелер боюнча жоопторду берди.
Иш сапардын алкагында Эдита Тайгараева милициянын ардагерлери жана транспорт тармагынын өкүлдөрү менен да жолугушту. Ал аларды кесиптик майрамдары менен куттуктап, көп жылдык эмгеги жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

Мындай жолугушуулар жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угууга, долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат алмашууга жана калктын сунуштарын тиешелүү деңгээлде кароого мүмкүнчүлүк түзөт.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Рамизова