«Демилгелүү Жаштар» КФ жана «Демилгелүү Жаштар»долбоорунун алкагында «АгаХан» уюм тарабынан каржыланып,Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдар оюн аянтчасы жасалып, бүгүн салтанаттуу ачылышы өттү. Ачылыш аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев, Кочкор айылынын айыл башчысы Мирлан Исраилов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү конок болушту.
Эң алгачкы сөздү «Демилгелүү Жаштар» Коомдук уюмунун жетекчиси Салтанат Баракановага бердик:
«Демилгелүү Жаштар» долбоору 2018- жылдан бери Кочкор районуна пилоттук болуп кирип, жумушчу топ түзүлүп, ушул долбоордун негизинде көптөгөн иш -чаралар өткөрүлүп келди. Бул долбоор боюнча айтып кетсем, Кочкор район боюнча балдарга жана чоң адамдарга атайын эс алуучу аянтча жок, ошондуктан биз ар кандай соц тармактардан сурамжылоо өткөрүп, жыйынтыгында элге эс алуу үчүн аянтча керек экендигин далилдеп, долбоор жаздык жана 1 жыл бою иш жүргүздүк.
Жыйынтыгында «Агахан» Фонду долбоорубузду жактырып, колдоого алышып 1 млн сомго аянтчага керектүү жабдыктарды алып беришти. Кочкор айылынын айыл өкмөтү жана айыл депутаттары 500 миң сомго чечим чыгарып, аянтчанын тегерегин тосуп беришти. Бул долбоор «Демилгелүү Жаштар» КФ тарабынан жазылып, ыктыярчылар менен бирге алпарган эң ийгиликтүү иш-чарабыз».
Ошондой эле «Демилгелүү Жаштар» коомдук фондунун мүчөсү жана Ишенаалы Арабаев гимназия мектептин 11-классынын окуучусу Алмазбек уулу Адис өзүнүн кубанычы менен бөлүшүп кетти:
«Демилгелүү Жаштар» уюмунун мүчөсү болуп жүргөнүмө 2 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү балдардын аянтчасы салтанаттуу ачылышы болуп, өзүбүздүн ишибиздин жыйынтыгын көрүп абдан кубанып жаткан учурум. Көп эмгек жумшалып,даярдык көрдүк, анткени кичинекей бөбөктөрүбүзгө майрамдык маанай тартуулайлы дегенбиз. Буюрса баары сонун, ойдогудай болуп жатат. Айта кетчү нерсе, бул биздин айыл тургундарына өздөрүнүн ден соолугун чыңдоо үчүн атайын «воркаут» зона бар.
Бүгүнкү майрамга келген кичинекей Айбийке Эсенбековага сөз бердик:
«Мен 8 жаштамын, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде окуйм. Бүгүн апам жана байкем менен оюн аянтчасына келгенбиз. Бардыгы кооз жана жаңы экен,мага баары жакты, өзгөчө батут турган аянтча жакты, эми күнүгө байкем менен келип турам».
Кийинки сөздү Кочкор айылынын тургуну Рыскул Молдокеева өзүнүн ой пикирин айтып кетти:
«Бүгүнкү иш-чара мен үчүн абдан кубанычтуу десем жаңылышпайм, анткени биздин балдарыбызга сонун шарттар түзүлүп, жайкы эс алуу күндөрү балдар үйгө камалбай жана уюлдук телефондордо отура бербей, бүгүндөн баштап кыймыл аракет кылууга чоң мүнкүнчүлүк алышты. Кочкор элинин атынан Салтанат Баракановага чоң ыраазычылык билдиргим келет, анткени балдарыбыз бактылуу болсо,ата-эне эки эсе бактылуу болот деп сөзүн аяктады».
Нурия Карымбаева