Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы «Суусамыр Нуру» бала бакчасында балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы курулуп, көлөкөлүү бастырмалар орнотулду. Жаңылануу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Бала бакчанын аймагында балдардын ойноосу үчүн атайын аянтча жасалып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле күн ысык мезгилде балдарды түз тийген күндүн нурунан коргоо максатында көлөкөлүү бастырмалар курулду.
Жаңы шарттар балдардын сыртта коопсуз жана ыңгайлуу эс алуусуна, оюндарды ойноосуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгилей кетсек, бала бакчанын аймагын жакшыртуу иштери жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлдү.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна