Ак-Талаа районунда жалпы 19 билим берүү мекемелери жана 22 бала бакча бар. Булардын ичинен 8 мектеп директору жана 14 бала бакчанын башчылары 5 жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеп келишкен. Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык жаңы окуу жылында айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн сынак жарыяланат.
«Жарлыкка ылайык Жобо жана буйрукту күтүп жатабыз. Бул өз убагында чыккан абдан туура чечим болду. Эми директорлор сынактын негизинде тандалат. Билимдүү, жөндөмдүү, уюштургуч, билим берүүнүн сапатын көтөрө алган адамдар келет деп ишенем. Сынакка адам ресурстары катышпайт. Анткени сынакка катышууга билдирме, тесттер электрондук түрдө болору маалымдалууда»,-дейт.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Барчын Мамытбекова