Кочкор районунун Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасынын оюн аянтчасына шаймандар орнотулду. Бала бакчаны жабдуу ишин 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан жасалды. Бул оюн аянтчага айылдагы кичинекей балдардын баары келип ойной алышат.
Мукамбед Абыкеев
Айыл тургуну Мукамбед Абыкеев: «Бул бала бакча союз таркагандан бери каражаттын жоктугуна байланыштуу кароосуз калган эски бала бакчалардын бири. Алгач 25 гана бала келген. Андан соң 3 жолу ремонттон өткөрүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө 70 бала тарбияланып жатат жана бара-бара бала бакчанын ичи азыркы талапка жараша бардык жабдыктар менен жабдыла баштады. Мына азыр 20жылдыктар сырткы оюн аянтчасына оюнчуктарды алып келип беришти. Бул деген чоң жетишкендик. Айтарым бакыт-таалайлуу болгула, кандай максат койсонор ошол максатка жеткиле. Силердин бул ишиңер кийинки жаш муундарга үлгү болуп калды десем жаңылышпайм».
Лента кесүү аземи
Нарынбек Макебаев: «Биз 1985-жылы ушул айылда төрөлүп-өскөн балдардан болобуз. Быйыл биздин 20 жылдыгыбыз болуп жатат. Мындай учурда кандайдыр бир иш жасоо көп жылдардан бери келе жаткан салт деле болуп калды окшойт. Ошондон улам биз дагы балдар менен кеңешип, бир эсте каларлык нерсе, саамалык кылууну туура көрдүк дагы бала бакчага оюнчуктарды алып келели деп бир чечимге келдик. Бул оюн аянтчасына жеке эле бала бакчадагы балдар гана эмес, айылыбыздагы башка дагы балдар келип ойной алышат».
Элдердин алкышын алган бүтүрүүчүлөр
Жаңы салынган балдар оюн аянтчасы
Айыл өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдиришти
Демөөрчүлөр
Акылай Болотбекова, Акылай Карыпбекова