“Артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы” кесипке багыт берүү максатында Нарын шаарынын администрациясы тарабынан уюштурулган фестивалга Нарын облусундагы бардык билим берүү тармагындагы мекемелер, кесиптик лицейлер, университеттер, колледждер, мектептер, бала бакчалар жана Кыргыз Республиканынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышты.
Мектеп окуучуларынын кесиптер менен таанышуу учуру
“Кесипти туура тандоо” боюнча уюштурулган бул жарманкеде мектептин 9-11-класстарынын окуучуларына кесиптик окуу жайлардын окуутуучулары жана Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин мугалим устаттары окуу багыттары, кабыл алуу шарттары, окуу программалары тууралуу толук айтып берип, мастер-класстарды көрсөтүштү, көрмөзмөгө катышкан окуучулар ар кандай кесиптиер боюнча маалыматтарды алышып, өздөрүнө кесипти туура тандоо боюнча суроолоруна жеткиликтүү жоопторду ала алышты.
Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин директору Улан Бердигул уулу , КРдин билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана губернатордун орун басары Элмира Сыдыкова
Ж. Тойгомбаев атындыгы №15 кесиптик лицейинин жамааты
Көргөзмөдөн бир элес
Фестиваль мектеп окуучуларына кесип тандоодо, артыкчылыктуу адистиктерди таанытууда, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоодо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу үчүн уюштурулган. Ачык көргөзмө салтанаттуу түрдө уюштурулуп фестиваль интерактивдүү оюндар, ар кандай флешмобдор менен коштолуп мыкты деңгээлде өткөрүлдү.
Оюн — зоок учурунан
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүтүрүүчүлөрдү артыкчылыктуу адистикке чакырды.
Төлөн Токтосунова, Кундуз Белек кызы