5-май – Эл аралык акушерлер күнү жана 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Түп районунда медицина кызматкерлеринин арасында «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке райондогу беш айыл аймактан келген медицина кызматкерлери катышып, шахмат, стол тенниси, волейбол жана аркан тартыш боюнча күч сынашты.
Иш-чараны Түп ЖДПБнын директору Канат Муканбетов ачып берди. Ошондой эле Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нуржан Алапаева жана ЖДПБнын профсоюз уюмунун өкүлдөрү медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталарды, Ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырышты.
Спорттук параддан кийин оюндар башталып, жеңүүчүлөр Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан даярдалган медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Командалык эсепте биринчи орунду 58 упай топтогон Карасаев айыл аймагынын медиктери (команданын капитаны Сапар Исаев) ээледи. Алар 4 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алып, кубок жана 10 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.

Экинчи орунду 50 упай менен Түп командасы (капитаны Ырыскелди Джаманкараев) багындырды. Команда 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль утуп, кубок жана 8 миң сом сыйлык алды.
Үчүнчү орунга 46 упай менен Каркыра командасы (капитаны Бегай Жанадилов) чыгып, 2 алтын жана 3 күмүш медаль, кубок жана 6 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Төртүнчү орунду Балбай командасы, ал эми бешинчи орунду Ысык-Көл командасы (капитаны Рыскан Абыкеев) ээлеп, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Майрамдык иш-чара Х. Карасаев атындагы маданият үйүнүн өнөрпоздору жана медицина кызматкерлеринин ыр-күүлөрү менен коштолду.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, чемпион аталып, жеңишке жетишкен командалар жана спортчулар облустук саламаттык сактоо кызматкерлеринин «Манасиада» спорттук мелдешине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров