1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тасма айылында балдар үчүн жагымдуу майрамдык саамалык уюштурулду. Майрамдын алкагында айылдын жаш тургундарына бекер балмуздак таратылып, алардын майрамдык маанайына өзгөчө көрк кошулду.

Иш-чарага Тасма айылынын айыл башчысы Байсариев Рыскелди Көкжалович катышып, балдарга балмуздак таратып берди. Бул саамалык айылдагы балдардын кубанычын арттырып, алардын майрамын дагы да шаңдуу өткөрүүгө өбөлгө түздү.
Балдардын шат күлкүсү, кубанычка толгон жүздөрү жана көңүлдүү маанайы иш-чаранын негизги көркүн түздү. Кичинекейлер бири-бири менен ойноп, көңүл ачып, майрамдык күндүн жагымдуу ирмемдерин баштан өткөрүштү. Айрыкча жайдын алгачкы күнүндө таратылган балмуздак балдар үчүн күтүүсүз жана жагымдуу белек болуп, аларды абдан сүйүнттү.

Балалык адам өмүрүндөгү эң таттуу жана эң унутулгус мезгил. Өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундардын бактылуу өсүп-жетилишине көңүл буруу, алардын жүзүнө жылмаюу тартуулоо ар бир коомдун маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Ушундай жакшы саамалыктар балдардын майрамдык маанайын көтөрүп гана тим болбостон, алардын эсинде жагымдуу элес болуп сакталат.
Балдарды коргоонун эл аралык күнү Тасма айылында кубанычтуу маанайда өтүп, балдардын шат күлкүсү менен коштолду. Майрамдык иш-чарага катышкан балдар көңүлдүү эс алып, майрамдын жагымдуу маанайын сезип кайтышты. Бул күн дагы бир жолу балдардын бакубат жашоосу жана бактылуу балалыгы коом үчүн эң чоң баалуулук экенин эске салды.
Даярдаган; Мадина Үсөнова