Бул күн дем алыш күнүнө туш келгенинен байланыштуу, майрамды белгилөө 12- сентябрда Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулду. АДКлардын ишмердүүлүгү айыл тургундарынын ден соолугуна таасир этүүчү факторлорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Майрамды белгилөө расмий макамы
Түп району боюнча 36 айылдан келген АДКнын төрайымдарын майрам күнү менен акимдин орун басары Эрмекан Дюшебаева, Түп райондук жалпы дарылоо практикалык борборунун директору Канат Мукамбетов, райондун имам- хатиби Бакыт Кайкиев, райондук ветеринария кызматынын жетекчиси Марат Азаев менен айыл өкмөт башчылары куттукташып, эмгек акы албаган, калктын ден соолугу үчүн алдын алуу иштерин жүргүзгөн «ден соолук дабаатчылары» атка конгон АДК төрайымдарына Ардак грамота, ыраазычылык каттары менен баалуу белектер тапшырылды.
Айназик Кубатбекова