19-май күнү Түп районунда жергиликтүү тургундар менен кезектеги жолугушуулар өткөрүлүп, алар Ысык-Көл, Карасаев жана Түп айыл аймактарын камтыды.
Жолугушууга Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакытбек Жетигенов катышып, аймактагы актуалдуу маселелерди жеринде угуп, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди.

Жергиликтүү тургундар тарабынан негизинен жер маселелери, таза суу менен камсыздоо, инфраструктуранын абалы, социалдык багыттагы көйгөйлөр, карьер иштери жана жеке кайрылуулар көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн ар бир маселе жеринде дыкат каралып, тиешелүү мекеме-ишканаларга конкреттүү тапшырмалар берилди. Айрым маселелер ошол эле жолугушуунун жүрүшүндө ыкчам чечилген учурлар да болду.
Ошондой эле жарандар тарабынан сунушталган бир катар демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы иштер улантылары белгиленди.
Мындай жолугушуулар эл менен түз байланыш түзүүгө, жергиликтүү көйгөйлөрдү ыкчам аныктоого жана аларды чечүү боюнча ыкчам чара көрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Түп району боюнча өткөрүлгөн жолугушууларды Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Тимур Мадяров модераторлук кылып алып барды.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров