ТТоктогул районунун Көк-Таш, Коңур-Өгүз жана Өзгөрүш айылдарында акыркы мезгилде бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатат. Бул иштер биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү Элдик курултайлардын делегаты Эстебес Бакиев тарабынан көтөрүлгөн маселелердин негизинде жүзөгө ашууда.

Делегат өзүнүн “Чоңко туугандар” аттуу кайрылуусунда Камбар-Ата ГЭСтеринин дирекцияларын Токтогул шаарына көчүрүү, аймактарды өнүктүрүү жана аталган үч айыл аймагына “Өзгөчө статус” берүү сыяктуу стратегиялык маанидеги сунуштарды көтөргөн. Анын айтымында, бул демилгелер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң түрткү берет.

Учурда айылдардын ички жана сырткы жолдорун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Өзгөрүш айылынан Ош автожолуна чейинки тилке толугу менен асфальтталып бүттү. 2026-жылы дагы 5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Мындан тышкары, жакынкы күндөрү Борбуев көчөсүнүн 1,5 чакырым бөлүгүнө асфальт басуу иштери башталары айтылды.
Айыл тургундары үчүн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү 6 чакырым тротуар курулуп, Коңур-Өгүз суусуна заманбап жаңы көпүрө салынмакчы.

Билим берүү тармагында дагы бир топ иштер аткарылууда. Бир жаңы мектептин курулушу толук аяктап, экинчи — Жогорку мектептин жаңы имараты 2026-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилери маалым болду. Ошондой эле Коңур-Өгүз, Өзгөрүш жана Көк-Таш айылдарын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу “Таза суу” долбоору да аяктоо алдында турат.

Эстебес Бакиевдин айтымында, ал биринчи Элдик курултайда Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин дирекцияларын Токтогул шаарына көчүрүү маселесин көтөргөн. Ошондой эле инвестициялар жана төлөмдөр район ичиндеги банктар аркылуу жүргүзүлүшү керектигин сунуштаган:
“Токтогул районунун элине электр энергиясы үчүн төлөнүп жаткан компенсацияны туруктуу кылып берүү сунушун дагы киргизгем. Бул маселелер боюнча Президентке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылуулар жөнөтүлгөн. Айрым таасирдүү адамдар каршы болгону менен, маселе бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон калууда”, — деди Эстебес Бакиев.
Ал ошондой эле учурда Бууракан мектебинин курулушу жүрүп жатканын белгиледи. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектепти 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пайдаланууга берүү убадасын бергенин айтты. Мындан сырткары, М. Жунусалиев атындагы орто мектепке кошумча корпус куруу боюнча дагы тиешелүү мамлекеттик тапшырмалар берилген.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, курултайда көтөрүлгөн демилгелердин иш жүзүндө аткарылып жатышы үч айылдын өнүгүшүнө олуттуу өзгөрүү алып келүүдө.
Даярдаган: Азема Сабырбекова