Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан Кайып Калназаров атындагы Дөбөлү айылдык тарыхый‑этнографиялык музейинде Эл аралык музейлер күнүнө карата «Салттуу сайма дүйнөсү» аттуу маданий иш чара уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш чаранын негизги максаты кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүк мурастарын сактоо, салттуу саймачылык өнөрүн жайылтуу жана жаш муундарды маданий баалуулуктарга тарбиялоо болду.
Ага район жетекчилери жана облустук музей жамааты, айылдын уз апалары, айыл тургундары, кол өнөрчүлөр, мугалимдер, окуучулар жана маданият кызматкерлери катышып, сайма өнөрүнүн тарыхы, анын өзгөчөлүктөрү жана бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу кеңири маалыматтар берилип, унутта калып бара жаткан сайма өнөрү боюнча мастер класс көрсөтүштү. Ошондой эле колго жасалган улуттук саймалардын көргөзмөсү уюштурулуп, уздар өз эмгектерин тааныштырышты.

Катышуучулар кыргыз элинин бай маданий мурастарын даңазалоо менен бирге, салттуу кол өнөрчүлүктү келечек муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындай иш чаралар айылдагы маданий турмушту жандандырып, улуттук баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Катышкан уз айымдарга айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергенов тарабынан ыраазычылык каттар жана музей башчысы С. Урбаева тарабынан акчалай жана кызыктыруучу белектер берилди.







Даярдаган: Индира Мөндүрбаева