2026- жылдын 20- майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан Энелер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты — энелердин коомдогу ордун даңазалоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жаш муундарды энеге болгон урмат-сыйга тарбиялоо болуп саналат. Майрамдык кечеге айыл аймагындагы кадырлуу энелер, көп балалуу апалар, эмгек ардагерлери, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө энелерге арналган куттуктоо сөздөр айтылып, алардын үй-бүлө жана коом өнүгүшүнө кошкон зор салымы белгиленди. Салтанаттын алкагында үлгүлүү энелерге ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылып, окуучулар жана маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Ыр-күүлөр жаңырып, көркөм окуулар аткарылып, майрам шаңдуу маанайда өттү.
Мындай иш чаралар энелерге болгон терең урматты арттырып, коомдогу руханий баалуулуктарды чыңдоого өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева