2026-жылдын 27–31-май күндөрү Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт. «ОЙМО 2026» – Борбор Азиядагы эң ири маданий иш-чаралардын бири жана ал материалдык эмес маданий мурастарды, салттуу кол өнөрчүлүктү, заманбап креативдүү
индустрияларды сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

Фестивалдын бул жылдагы темасы:
«Дүйнөлүк маданий мурас: муундан муунга өткөн каада-салт жана кол өнөрчүлүк»
«ОЙМО-2026» фестивалына Кыргызстан баардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү тармактардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion кино
көрсөтүүлөргө катыша алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз, курак, токуу, сайма, керамика жана кийиз басуу боюнча мастер-класстарга катышып, улуттук тамак- аштарды даярдоо боюнча кулинардык сабактарда өздөрүн сынап көрүшөт. Мындан тышкары, коомдук талкууларда креативдүү индустриялардын жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүүсү тууралуу пикир алышуулар өтөт.
2026-жылдын 26-майында, фестивалдын утурлай, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана имаратында «Материалдык эмес маданий мурастын негизинде салттуу маданиятты сактоо жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү» аттуу эл аралык конференция өтөт. «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалынын расмий ачылышы 27-май күнү саат 11:00дө Курманжан Датканын эстелиги жанында башталат. Ошол эле күнү саат
18:00дө фестивалдын башкы сахнасында концерттик программа менен салтанаттуу
ачылыш аземи өтөт. Программанын өзгөчө бөлүгү салттуу маданият менен заманбап креативдүү индустриялардын өз ара байланышын чагылдырууга багытталат. Фестивалдын алкагында белгилүү кыргызстандык дизайнерлердин катышуусунда «Салттуу маданият жана мода» аттуу public talk, Креативдүү индустриялар паркынын жана башка чыгармачыл жамааттар менен жаратмандардын презентациялары өткөрүлөт.
Программанын өзүнчө бөлүгү – фестивалдын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, UNESCOнун материалдык эмес маданий мурас боюнча эксперти Динара Чочунбаевага арналган эскерүү күнү болот. Динара Чочунбаева Кыргызстан менен Борбор Азиядагы маданияттын жана кол өнөрчүлүк кыймылынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Эскерүү кечеси 30-май күнү саат 17:00дө OloloPlanet аянтчасында “Эсимде” уюмунун колдоосу менен уюштурулмакчы.
5-күндүк маңыздуу программа 31-май күнү эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи, мода көрсөтүүсү жана «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалынын расмий жабылуу кечеси менен жыйынтыкталат. Фестиваль Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан Курманжан Датканын эстелиги жанындагы аянтта өткөрүлөт. Фестивалдын миссиясы: Кыргызстандын жана дүйнөнүн салттуу маданиятын жана кол өнөрчүлүгүн жайылтуу жана сактоо, маданияттар аралык диалогго, кызматташтыкка жана креативдүү экономиканын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү.
Фестивалдын уюштуруучусу: Кыргыз Республикасындагы Кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбор Азиялык Ассоциация (CACSARC-kg). «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалынын башкы демөөрчүсү: Артбласт Групп. 20 жыл ичинде «ОЙМО» эл аралык фестивалы маданий алмашуунун, маданий туризмди өнүктүрүүнүн жана материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкерчиликти колдоонун маанилүү эл аралык платформасына айланды. Фестиваль Кыргызстандын туризмди 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
планына киргизилген.
Фестивалдын жаңылыктарын кабардар болуу үчүн «Оймо» фестивалынын Instagram
баракчасына жазылыңыз: @oimofest.