Түп балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун «Менталдык арифметика» ийриминин тарбиялануучулары эл аралык жана республикалык билим таймаштарында ийгиликтүү катышып, бир катар байгелүү орундарды багындырышты.
2026-жылдын 4-июлунда өткөн «FOC–Иссык-Көл–2026» эл аралык турниринде ийримдин тарбиялануучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Анда Бакытова Акнур II орунду багындырса, Амантурова Фериде менен Джумашев Алинур III орунга ээ болушту.

Ал эми 5-июлда уюштурулган «Логикум» окуу борборунун республикалык олимпиадасына борбордон 16 тарбиялануучу катышып, төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти.
«Супер чемпион» наамына Бакытова Акнур, Аскерова Океана жана Мирланова Мадина татыктуу болушту.
«Чемпион» наамын Асанбеков Умар жана Дюшенбеков Альмир жеңип алышты.
I орунга Амантурова Фериде, Дюшенбеков Алинур, Нурсултанова Аймончок, Кыдырбеков Барсбек, Мирланова Раяна, Орозакунова Самира жана Кошумбаев Амир ээ болушту.
II орунду Маратова Айтунук менен Джумашев Алинур камсыздашса, III орунга Маратов Назар жана Ийгиликов Алихан татыктуу болушту.
Жеңүүчүлөрдүн бардыгы диплом, медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул жетишкендиктер тарбиялануучулардын тынымсыз эмгегинин, билимге болгон умтулуусунун жана «Менталдык арифметика» ийриминин жетекчиси Абдраманова Толгонай Сагынтаевнанын кесипкөйлүгүнүн жана үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.
Түп балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун бул ийгилиги жаш муундун интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү багытындагы иштердин натыйжалуулугун дагы бир жолу далилдеди.
Даярдаган; Мадина Усонбекова