Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн мектептик каникулдардын графигин бекитти. Базистик окуу планына ылайык, окуучулар окуу жылы ичинде төрт жолу эс алышат.

Бекитилген графикке ылайык:
🍁 Күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябрында (5 календарлык күн). Сабактар 16-ноябрдан тартып улантылат.
❄️ Кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январында (10 календарлык күн). Окуучулар 11-январдан баштап кайрадан сабакка чыгышат.
🌸 Жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-мартында (6 календарлык күн). Сабактар 9-мартта улантылат.
🎉 Май майрамдарындагы каникул – 2027-жылдын 1–9-майында (9 календарлык күн). Окуучулар 10-майда окууга кайтышат.
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.
Кошумча эс алуу мөөнөттөрү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактын климаттык өзгөчөлүктөрү жана санитардык-эпидемиологиялык абалы эске алынып белгиленет.
Жайкы эс алуу мезгилин эсепке албаганда, окуу жылынын узактыгы:
1-класстар үчүн – 32 жума;
2-класстар үчүн – 33 жума;
3–11-класстар үчүн – 34 жума.
Аталган график жалпы билим берүү уюмдары үчүн бекитилген базистик окуу планынын негизинде иштелип чыккан.