8-октябрда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун чыңдоого, туура тамактануу жана жеке гигиена боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.Семинар “Суу, санитария жана гигиена” (WASH) жана туура тамактануу багыттарын камтыган долбоордун алкагында уюштурулду. Ага 20 мугалим жана 10 окуучу катышты.
Программада сууну туура жана коопсуз пайдалануу, туура тамактануу, өздүк гигиена, колдун гигиенасы, үй-бүлөдө жана коомдук чөйрөдө санитардык талаптарды сактоо сыяктуу маанилүү темалар камтылган.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү — маалымат берүү менен гана чектелбестен, практикалык жана интерактивдүү ыкмаларга басым жасалгандыгында. Катышуучулар туура тамактануунун негизги принциптери менен таанышып, “дени сак тамактануу табагы” боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле колдун гигиенасына өзгөчө көңүл бурулуп, колду туура жуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын 40 мектебинде иш алып баруу пландалган. Ар бир мектептен 20 мугалимди окутуу жана алардын ичинен мектептик ден соолукту чыңдоо комитеттерин түзүү каралган. Окутуудан өткөн мугалимдер алган билимдерин окуучуларга өткөрүп, мектепте ден соолукту чыңдоого багытталган демилгелерди ишке ашырууга катышат.

Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун врачы, нутрициолог, гигиена жана тамактануу гигиенасы боюнча адис Дүйшөнкулова Марина Касымбаевнанын айтымында, долбоор бир жолку иш-чара менен чектелбейт.
“Биздин негизги максатыбыз — мугалимдерге маалымат берип гана тим болбостон, алган билимдерин окуучуларга жеткирүүгө жана күнүмдүк жашоодо пайдалуу адаттарга айландырууга шарт түзүү. Ошондуктан мугалимдер менен мындан ары да онлайн байланышта болуп, алардын демилгелерин колдоп турабыз”, — деди Марина Касымбаевна.

Долбоордун дагы бир маанилүү багыты — туруктуулукту камсыз кылуу. Башкача айтканда, иш-чаралар бир окуу жылы менен токтоп калбастан, кийинки жылдары да улантылып, мектептерде ден соолукка пайдалуу адаттарды туруктуу калыптандырууга багытталат.
Бүгүнкү иш-чарада мугалимдер менен окуучулар алган билимдерин практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдеп, туура тамактануу жана жеке гигиенанын адамдын ден соолугу үчүн маанилүүлүгүнө дагы бир ирет ынанууга мүмкүнчүлүк алышты.
Дени сак бала — дени сак келечек. Ал эми дени сак мектеп чөйрөсүн түзүү — жалпы жамааттын биргелешкен аракети.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.