Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Чолпон айылы

Чолпон айылындагы мектепте жана бала бакчада ремонт иштери жүрүүдө

Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде жана “Нур Чолпон” бала бакчасында оңдоо иштери жүрүп жатат. Мектептин класстары акталып, сырдалып, ашкананын чатыры алмашылса, бала бакча толук капиталдык ремонттон …

Видео: Кочкор районунун Чолпон айылындагы акыркы коңгуроо салтанаты

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 25-май күнү бүтүрүүчүлөргө арналган Акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү.

Кочкор району: Мектептер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

2-майда Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы мектептер арасында микс-волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдеш «Ара-Көл» жалпы орто билим берүүчү мектебинде өтүп, оюнга 8 тайпа катышты.

Алтынбек Чыналиевдин жаркын элесине арналган волейбол оюну өткөрүлдү

Кочкор районунун Чолпон айылында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюн 1979-жылы туулган жеке ишкер, айылдын көрүнүктүү адамдарынын бири Алтынбек Чыналиевдин жаркын элесине арналып, анын классташтары тарабынан уюштурулду.

Кочкордо “STEM кербен-2024” иш-чарасы өттү

18-мартта Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар орто мектебинде “STEM кербен-2024” иш-чарасы өттү. Бул иш чарага окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр катышышты.  STEM кербендин максаты — STEM билимин …

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата уюштуруган иш-чаралар балдарга мекендин баалулугун үйрөтүүнү көздөйт

Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул иш чарага Чолпон айылынын айыл өкмөтү жана башка мектептердин мугалимдери келип катышышты. Ата …

Видео: Чолпон айылында «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» сынагы болуп өттү

Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Сынак Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында уюштурулган.

Видео: Чолпон айылында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш чара уюштурулду.

Кыргыз ишкер айымдары тууралуу презентация жасалды

Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …

Кочкор районундагы айылдын айрым көчөлөрүн суу каптады

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.

Видео: Корчубек Акназаров мектебинде күз ханзадасы жана ханбийкеси тандалды

26-октябрь күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Алтын күз» аттуу темада иш чара болуп өттү. 

Аткаруу комитетинин АРИСте аткарган иштерине коомчулук тарабынан баа берилди

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан (АРИС) социалдык мобилизациянын натыйжаларын баалоо үчүн социалдык отчеттуулук боюнча чогулуш болуп өттү. Бул чогулушка Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундары …

110-35 Чолпон көмөкчү чордонуна жаңы трансформатор коюлууда

Кочкор районундагы Чолпон айылындагы 110-35 Чолпон көмөкчү чордону 14 айылды электр-энергиясы менен камсыздап келет. Азыркы учурда бул подстанцияга жаңы трансформатор коюлуп, оңдоо иштери жүрдү жатат.

Чолпон айылындагы мектептин терезелери алмашып, жылытуучу системалар орнотулду

2023-2024-окуу жылына карата Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби оңдоп-түзөө иштерин ишке ашырды. Мектептин терезелери пластик терезелерге алмашылып, жылытуучу системалар орнотулду.

Тамчылатып суугаруу оңой жана пайдалуу

Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Медетбек Осмоналиев жерди тамчылатып сугаруу иштери менен алектенет жана башка дыйкандарга сугаруунун ушул методун сунуштайт. 2015-жылы тамчылатып сугаруу системасын жайылтууга өкмөт кеминде эле 30 миллион …

Окуучулар быйыл кагаз күндөлүккө өттүбү?

2023-2024-окуу жылында Кочкор районундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары электрондук күндөлүк менен кагаз күндөлүк да колдонушат.

Бала бакчалар балдарды тосууга даярбы?

Кочкор районунун Чолпон айылындагы «Бүчүр-Таалай» жана «Нур-Чолпон» бала бакчалары балдарды тосууга даяр. Бала бакча косметикалык ремонттон өткөрүлүп, балдарга кошумча дагы да шарттар түзүлүп жатат.

Кол өнөрчү: «Жип жоктугунан кийимдерди ыдыратып сайма сайгам»

Чолпон айылынын тургуну, башталгыч класстын мугалими болуп 40 жыл эмгектенген ишмер айым Гулзамира Шакирова азыркы учурда бош убактысында шырдак жасоо менен алектенип келет. Шырдактан тышкары сайма сайып, курак курап, түймө …

Элетте эмгектенген жаш жубайлар

Кочкор районуна караштуу Бугучу айылынын жаш жубайлары Таалайбек Мелисовдун үй-бүлөсү бүгүнкү күндө ар тараптуу ишкерчилик менен алектенишет.

Кочкор: Туруксуз аба-ырайынын кесепети тийүүдө

Кочкор районунун тургундарынын дээрлиги мал багуу жана дыйканчылык менен алектенишет. 24-майда Кочкор районунун тоолорунда кар жаап, дыйкандарды жана мал багуу менен алектенген чабандарды түйшөлтүүдө.

Дүйшөмбү
14 Тогуздун айы 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...