Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул иш чарага Чолпон айылынын айыл өкмөтү жана башка мектептердин мугалимдери келип катышышты. Ата Мекен тууралуу көркөм окуулар, ырлар жана ар кандай көрүнүштөр коюлду.
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Элира Асанова:
«Биздин мектепте улуу Ата Мекенди коргоо күнүнө карата чакан иш-чара өткөрүлдү. Ар бир класска өзүнө тиешелүү номерлер берилген. 5-класстын окуучулары согуш мезгилинде баласын согушка кетирип, кайра кайтпай калгандыгын чагылдырып беришти. Бул көрүнүш жогорку деңгээлде болду десем болот. 3-класстар да орус тили сабагынан бул күнгө карата чакан концерттик программаларды аткарып беришти.»
Математика мугалими Сайнап Калиева: «Бул иш-чара негизи Ооган согушунда каза болгон жоокерлерди эскерүү күнүнө карата даярдалган сценка болчу. Ал жерде апанын жалгыз баласына аскерге чакыруу келип, айласы жок узатат. Ооганга кеткен уулунан кара кагаз келип, сыздаган эненин ыйын көргөзүп беришти. Окуучулар аябай жан дилинен даярдашты жана ошондогу окуяны угуп алышып ыйлап да жиберишти. Ролдорду аткарууда өздөрү эле «мен апасы болоюнчу , мен баласы болоюнчу» деп кызыгуу менен даярданышты. Окуучулар бул көрүнүш менен ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө аскерге баруу, эли-жерин коргооо ыйык милдет экенин көрсөтө алышты. Ошондуктан
бул иш-чарабыз максатына жетти деп ойлойм».
Аяна Эрланова, Нурпери Качкынбекова, Бурулсун Рысбекова