Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин «Жалжалым» бий тобу 2 жылдан бери иш алып барып келишет. Аталган бий топ 2 тайпага бөлүнүп, көбүнчө чет элдик бийлерди бийлешет.
«Жалжалым» бий тобу
“Жалжалым” бий группасын 2023-жылдын 4-январынан баштап Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин мугалими Раатхан Амановна түптөп баштаган. 2 жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишишкен. Көптөгөн телеканалдарда бийлеп, сынактарга катышып жана чоң сахналарга бийлеп, тажрыйба топтошту. Алдыда дагы сынактарга даярданып жатышат. «Жалжалым» бий группасы 2 топко бөлүнүп, көбүнчө чет элдик бийлерди бийлешет.
Асылай Медетбекова жана бийчилер
Мектеп окуучусу Асылай Медетбекова “Жалжалым” бий группасына 1жылдан бери бийден сабак берип келет. Окуу жылында окуучуларга бий үйрөтүп, каникуль мезгилинде өзү бий боюнча сабак алып келерин айткан бийчи кыз бул багыта чоң максаттары менен бөлүштү :
“Мен 6 жашыман баштап бийге кызыгып баштагам жана азыркы учурда дагы мени атыман эмес, бийчи кыз деп таанышат. Ата-энем, жакындарым, мугалимдерим мени дайыма колдогондуктан, мен көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым. Алардын арты менен 1 жылдан бери бий үйрөтүп жатам. Окуу жылында окуучуларга бий үйрөтсөм, жайкы каникулда таанымал “Береке” бий ансамблинин жетекчиси Айнура Кыдыралиевадан сабак алып турам. Өзүм окуучу болгонума байланыштуу кыздарды азыраак алганга, алардын бардыгына бирдей мамиле кылууга аракет кылам. Бийге келген кыздар чыйрак келишет. Бир кыймыл көрсөтсөм тез аранынын ичинде эле өздөштүрө алышат. Мен аларга бийди бекер үйрөтөм. Анткени кээ бир кыздар бар, абдан жакшы бийлешет. Бирок каражат жагынан кыйналышат. Менин максатым бий группаны мектептин иш-чарасы үчүн гана эмес, Кочкор району боюнча иштей турган топту даярдоонун каалайм. Буюрса 3 жылдан кийин “Жалжалым” бий группасынын 5 жылдык отчёттук концертин Кочкор районуна берели деген жакшы ниет-максаттарыбыз бар”.
Бийчилер «Данегим» программасында
Кошуна айылдын иш чараларында да иш алып барышат
«Жалжалым» бий тобунун чоң группасы
2 жылда көптөгөн жетишкендиктерге жетишкен
Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова