Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата бир катар салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Атап айтканда мектепте бир күн бою мугалимдер кыргыздын улуттук, ал эми окуучулары ар улуттун кийимдери менен жүрүштү. Тарбиялык сааттар эне тил майрамына арналып, бул күндүн маани-манызы тууралуу маалыматтар берилди.
Эне тил менен бирге улуттук кийимдер даңазаланды
Окуучулар сабактарда улуттук кийим менен катышууда
Бардык класстарда эне тил күнү белгиленди
Кыздар улуттук кийимде
Ар улуттун кийимдерин кийген башталгыч класстын окуучулары
Иш-чара мектептин биринчи кабатында эне тилдер залында уланып, Кыргыз элинин улуу баяны “Манас” эпосунан үзүндү жана эне тил тууралуу кыргыз акын-жазуучуларынын учкул сөздөрү айтылды. Комуздун коштоосунда кыргыз күүсү жаңырып, эне тил даңазаланды.
«Манас» айтылып, комуз күүсү жаңырды
Кыргыздын улуттук кийими-башталгыч класстын окуучулары
Андан соң орус элинин “Масленица” майрамынын бир көрүнүшү тартууланып, мындан сырткары англис тилинде дагы ырлар ырдалды.
«Масленица» майрамынан бир көрүнүш
Кыргыз аялзатына таандык кол онөрчүлүк
Эне тилдер залы мектептеги кыргыз, орус, англис тили мугалимдери тарабынан даярдалып, анда улуттардын күнүмдүк-жашоо тиричилиги чагылдырылган.
Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери
Орус тили жана адабияты мугалимдери
Англис тил мугалимдери
Кыргыз элинин маданий мурасы- боз үйдүн керегеси тартылып, анда кадимки бүркүттүн кеби коюлган. Кыргыз аялдарына таандык шырдак, ийик ийрүү кол өнөрчүлүгү менен бирге меймандостугу көрсөтүлдү.
Барчын Мамытбекова