Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын тургуну, 87 жаштагы Байыш апа бир кылымга жакын убакыттан бери үй-бүлөсүндө сакталып келе жаткан бешиктин тарыхын айтып берди. Анын айтымында, кайнатасы талдан жасап берген бешикке жолдошу, балдары, небере-чөбөрөлөрү чейин жатып чоңойгон.

Байыш апа 1956-жылы турмушка чыккан. Кайненесинин айтымында, бешикти анын кайнатасы талдан жасап берген. Ошондон бери ал үй-бүлөнүн баалуу мурасы катары сакталып келет:
«Мен турмушка 1956-жылы чыктым. Кайненемдин айтуусу боюнча, бешикти кайнатам талдан жасаптыр. Ага менин жолдошум, анын агасы, өзүмдүн балдарым, небере-чөбөрөлөрүм жатып чоңоюшту. Өзүм 11 бала төрөдүм, алардын баары ушул бешикке жатты», — дейт Байыш апа.
Анын белгилешинче, бул бешик үй-бүлөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал балдарынын баары аман-эсен чоңоюп, бешикти акжолтой буюм катары кабыл алат:
«Кайнатамдан калган бешик акжолтой болду. Балдарым аман-эсен чоңоюшту. Бешикке жаткан бала таза, ден соолугу чың болот. Азыркы жаштар балдарын бешикке бөлөбөй калышты. Жаштарга балдарын бешикке бөлөп бакса дейт элем», — деп кошумчалады ал.

Байыш апа бешикти кыргыз элинин байыркы улуттук буюмдарынын бири катары баалап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү зарылдыгын белгилейт. Ал үй-бүлөлүк таберикти ушул күнгө чейин көздүн карегиндей сактап келет.
Анын айтымында, улуттук буюмдарды сактоо — ата-бабалардан калган салт-санааны жана мурасты урпактарга жеткирүүнүн бир жолу.

Даярдаган: Кымбат Төлөнова