Учурда өлкө боюнча билим берүү уюмдарында ата-энелер менен мектептин кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» аттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде да ата-энелер декадасынын алкагында иш-чара өттү. Ага мектеп администрациясы, мугалимдер жана ата-энелер катышты.


Алгачкы сөздү мектеп директору Болот Бообек уулу алып, жалпы коллективди, ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады. Мектеп жетекчиси ата-энелерге 12 жылдык билим берүү программасы боюнча кенен маалымат берди. Баланын билимдүү, тарбиялуу, жоопкерчиликтүү жана өзүнө ишенген инсан болуп калыптанышында үй- бүлөнүн да, мектептин да орду чоң экенин баса белгиледи.

Ошону менен катар мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Урмат Батталов, тарбия иштерин уюштуруучу Майрам Шорукова жана соц.педагог Чолпон Көкүмбаева өз ой- пикирлерин айтышып, ата-энелерди биргелешип, тыгыз иштөөгө чакырышты


Жалпы жыйындан кийин ата-энелер класстарга бөлүнүп алар үчүн мугалимдер тарабынан мастер-класстар, квесттер жана ачык талкуулар уюштурулуп, балдардын кызыгуусун өнүктүрүү, кошумча билим берүү жана кесип тандоодогу ата-эненин ролу талкууланды
Даярдаган: Бакыт Кожокматов