Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде жана “Нур Чолпон” бала бакчасында оңдоо иштери жүрүп жатат. Мектептин класстары акталып, сырдалып, ашкананын чатыры алмашылса, бала бакча толук капиталдык ремонттон өтүүдө.
Корчубек Акназаров атындагы орто мектеби капиталдык оңдоо иштерине 2023-жылы капиталдык салымдар беренесинин тизмесине киргизилип, 22 млн (жыйырма эки миллион) сомго долбоор түзүлгөн. Анын ичинен 2024-жылы мектептин чатырын алмаштырууга Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 5,505437 ( беш миллион беш жүз беш миң төрт жүз отуз жети миң) сомго тендер жарыяланып, “СК-Нурислам” ЖЧКсы жеңүүчү болду. Азыркы күндө мектептин ашканасынын чатыры алмашылды. Жылдын аягына чейин мектептин чатыры толугу менен алмашылып бүтөт.
“Нур Чолпон” бала бакчасынын имараты 1958-жылы курулган. 1958-жылдан 2019-жылга чейин интернат болуп иштеп келген. “Нур Чолпон” бала бакчасынын жетекчиси Назгүл Асанкожо кызынын айтуусунда 2020-жылдын январь айынан тарта бала бакча болуп, өздүк салым менен майда ремонт иштери жасалып, балдар кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө Айыл өкмөт өздүк салым катарында 2 млн 800 сом которуп «Стим гранддан» 2 млн сом каралып, жалпы 4 млн 800сомго капиталдык ремонт болуп жатат. Ремонт 10-июлда башталган жана августтун 25 де бүтөт. Азыркы учурда шыптары гипсокартон менен жасалып, дубалдары кырылып кайра шыбалды, шпаклёвка тартылып жана каалгалары толук түрдө алмашылат. Ал эми полу паркет менен жасалат. Азыркы учурда сыртына текстура чачылып, оңдоо иштери жүрүүдө. Сентябрдын башында толук түрдө капиталдык ремонт бүтүп, балдарды кабыл алууга даяр болот.
Гүлира Сатарова