Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 1987-жылы курулуп, союз тарагандан бери ишке кирбей калган Бучук сугат сууну жөнгө салуу бассейни ишке кирди. Мындай ишти колуна алган Жеңишбек Талантбек уулу 5 айдан бери талыкпай иштеп суунун нугун алгачкы кардарына бурду.
Айылдын түндүк тарабында жайгашкан 70 гектар жер суунун жетишсиздигинен тоют бербей келген. Эми 5100 км жерден чогулуп келген суу сугат сууну жөнгө салуу бассейнине топтолуп, андан соң айдоолорго бурулууда.
Бурул Майрамбек кызы