Ак-Талаа районунда суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дыйкандардын эгин аянттарын сугат суу менен камсыздоо иштерине мониторинг жүрүүдө.

Тактап айтканда, Кара-Бургөн айыл аймагындагы Жаман-Даван участкасынан Жаңы жана Эски Чегиртке каналдары аркылуу, ошондой эле Ача-Дөө участогундагы сугат тармактары боюнча гидропосттордо текшерүү жүргүзүлдү. Анын алкагында дыйкандарга бөлүнүп жаткан суунун көлөмү, суунун туура бөлүштүрүлүшү жана бир секундда канча литр суу берилип жаткандыгы көзөмөлдөндү.
Аталган башкармалыктын жетекчии Эркинбек Искеновдун маалыматына караганда райондун аймагында жүргүзүлүп жаткан мындай мониторингдердин негизги максаты – сугат суунун адилеттүү жана үзгүлтүксүз бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу, ошондой эле дыйкандардын суу менен камсыз болушуна көз салуу болуп саналат.

«Мониторинг жүргүзүү үчүн атайын окуудан өтүшүп, жабдуулар менен суунун көлөмүн ченегенди үйрөнүшөт. Жыл сайын адистерге ушундай тех.окуу өткөрүлөт» дейт Э.Искенов.
Тиешелүү адистер тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иштери мындан ары да улантылып, сугат мезгилинде суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова