Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган облустук мелдеш жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары арасында өткөн «МЕН ЧЕМПИОН» Республикалык оюндарынын облустук этабында жеңил атлетика боюнча таймаш өттү. Бул таймашка Турусбек мектебинин 11-классынын окуучусу Нурдин Топоев катышты. Ал 3000 метр аралыкка чуркоодо 12:2.9 убакыт көрсөткүчүн көрсөтүп, байгелүү II орунду камсыз кылды.

Оюндардын жыйынтыгы менен жаш спортчу Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ч.К. Акановдун колу коюлган атайын Диплом менен сыйланды. Бул жеңиш жаш спортчунун талыкпас эмгегинин жана машыктыруучуларынын туура багыт бергенинин натыйжасы болуп саналды. Алдыда Нурдинди мындан да чоң республикалык жана эл аралык ареналардагы ийгиликтер күтөт деп ишенебиз.

«Мен чоң жоопкерчиликти сезип, бул мелдешке өз күчүмдү сынап көрүү максатында аттангам. Мелдешке катышуума жана чоң спортко кадам таштоого дене-тарбия мугалимим Тойбек Анарбек уулунун салымы абдан чоң. Агайым туура багыт берип, кеңешин айтып, мени мелдешке шыктандырып, ишеним көрсөттү. Агайымдын айтуусу менен барып, ишеничти актоого болгон күчүмдү жумшап, жыйынтыгында экинчи орунду ээледим. Бул жеңиш — менин спорттогу алгачкы чоң жетишкендиктеримдин бири жана келечектеги чоң максаттарыма карай шилтенген ишенимдүү кадам болду. Мага колдоо көрсөткөн Тойбек агайыма жана жакындарыма терең ыраазычылык билдирем» дейт Нурдин Топоев.
Даярдаган: Азема Сабырбекова