Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Ата эс алуу жайында «Табиятты сактап, спортту тандайбыз!» аттуу демилгенин алкагында спорттук чуркоо марафону уюштурулду. Иш-чара Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата шаркыратмасына чейин өткөрүлүп, сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштарды спортко үндөө максатын көздөдү.
Марафонго Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Назира Атаканова катышып, мындай ири спорттук иш-чаралар спорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, ынтымакты жана достук мамилелерди чыңдоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал бардык катышуучуларга ийгилик каалап, мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында марафондун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылып, ошондой эле чыгармачылык өнөрү менен айырмаланган ырчы мырзалар менен айымдар мактоо грамоталары менен сыйланышты.

Иш чаранын катышуучулары

Спортчулар чуркап жаткан учур
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев бүгүнкү иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди:

Абсатар Эшимбаев
«Бүгүнкү иш-чара абдан жакшы уюштурулду. Уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирем. Мындай марафон биздин айылда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Мындан ары да ушундай иш-чараларды уюштуруп турууну пландап жатабыз. Бул сыяктуу демилгелер туризмди өнүктүрүүгө, ынтымакты жана достукту чыңдоого чоң салым кошот,» — деди ал.


Жеңүүчүлөргө сыйлык берилип жаткан учур
Марафондун катышуучулары да иш-чара тууралуу жакшы пикирлерин билдиришти. Үч-Бай айылынын тургуну Кутман Туратов 16 жаштан 30 жашка чейинки катышуучулар арасында жарышка катышып, үчүнчү орунду жеңип алганын айтты.

Кутман Туратов
«Бүгүнкү марафон абдан кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү. Мен өзүмдүн күчүмдү сынап көрүп, үчүнчү орунду ээледим. Медаль, грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланганым үчүн кубанычтамын,» — деп билдирди. 




Чыгармачыл айымдар жанан мырзалар грамота менен сыйланып жаткан учур
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева