Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ноокат

Ош облусу: Ноокатта жер семирткич өндүрүүчү заводдун жабдуулары тесттик режимде текшерилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында курулуп жаткан жер семирткич өндүрүүчү заводдун жабдуулары тесттик режимде текшерилип, алардын иштөө мүмкүнчүлүктөрү бааланды. 

Абшыр-Атада «Табиятты сактап, спортту тандайбыз!» аттуу марафон өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Ата эс алуу жайында «Табиятты сактап, спортту тандайбыз!» аттуу демилгенин алкагында спорттук чуркоо марафону уюштурулду. Иш-чара Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата шаркыратмасына чейин …

Ноокатта «Биримдик кербени» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылында «Биримдик кербени» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Ош облусунан келген бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчы ошондой эле …

Абшыр-Ата эс алуу жайы заманбап туристтик борборго айланат

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Ата эс алуу жайын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоордун эскиздик сүрөттөрү даярдалды. Долбоордо эс алуучулар үчүн бардык шарттарды түзүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу жана …

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы тургундарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев Курман айт майрамына карата айыл тургундарын куттуктап, бул күн боорукерликти, ынтымакты жана кайрымдуулукту даңазалаган ыйык майрам экенин белгиледи.

Кулатов айылында ишембилик өткөрүлдү

11-апрель күнү Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында масштабдуу ишембилик өткөрүлдү. Бул иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып, аймактын тазалыгын камсыздоого …

Абшыр-Ата айылындагы жолдор кеңейтилип, суу түтүктөрү жылдырылууда

Абшыр-Ата айылында инфраструктураны жакшыртуу багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, айыл ичиндеги жана эс алуучу жайга алып баруучу жолдор кеңейтилип, жолго тоскоолдук жараткан суу түтүктөрү жылдырылууда.Бул иштер жергиликтүү тургундар үчүн …

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагында тургундар менен жолугушуу өттү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова, Айыл чарба департаментинин жетекчиси, акимдин орун басары …

Кулатов айылында Нооруз майрамы белгиленди

21-март Нооруз майрамына карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев, өкмөт башчысынын орун басары Мунар Эшанкулов, …

Кулатов айыл өкмөтүнүн Айт майрамына карата куттуктоосу

Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл тургундарын ыйык Орозо айынын жыйынтыгы болгон Айт майрамы менен куттуктады.

Кулатов айыл аймагында 8-мартка карата майрамдык иш-чара өттү

8-март — Эл аралык айымдар күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Ж. Аймираев атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Талант Эргешов жетектеген «Абшыр-Ата» айымдар …

Т. Кулатов айыл аймагында Ак калпак күнү белгиленди

5-март – Ак калпак күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Т.Кулатов айылындагы Т. Айбашев жана К. Надиров атындагы орто мектептеринин окуучулары, ошондой …

Кулатов айыл аймагында тил майрамы белгиленди

Т.Кулатов айыл аймагында 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кулатов айыл аймагындагы жалпы тогуз мектеп катышып, ыр, бий жана көркөм окуу номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн …

Ноокат: Т. Кулатов айыл аймагында Афган согушунун курмандыктары эскерилди

12-февраль — Афган согушун эскерүү күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Афган согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элесин даңазалоо жана ардагерлерге …

Айылдан чыккан өнөрпоздор: ийримдер аркылуу өнүккөн таланттар

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж. Амираев атындагы Маданият үйүндө Талантбек Эргешов жетектеген жамаатынын ийримдери уланууда. Бул ийримдер жаштардын жана улуу курактагылардын бош убактысын туура уюштурууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана …

Каримберди айылында 16 чакырымдык сугат каналы курулууда

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Шейшеканов Данияр Турдубекович, Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кааров Батырбек Дыйканбаевич, Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар жана Т. …

Ноокат шаарында “АгроЗооВет–2026” аталышындагы окуу-семинар өткөрүлдү

Ноокат шаарында  окуу-семинары уюштурулуп. Иш-чара Ноокат шаарынын Мэриясынын жыйындар залында өтүп, ага 150дөн ашуун дыйкан-фермерлер, айыл чарба адистери, кооператив өкүлдөрү жана кызыкдар жарандар активдүү катышты.

Кулатов айылдык кеңешине төрага шайланды

3-декабрь күнү Кулатов айылында айылдык кеңештин кезектеги сессиясы өтүп, анын күн тартибиндеги негизги маселе айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болду. Бул шайлоо мурдагы төраганын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалышына байланыштуу өткөрүлдү. …

Кулатов айылдык кеңешине төрага шайланды

 3-декабрь күнү Кулатов айылында айылдык кеңешинин сессия өткөрүлүп, күн тартибиндеги негизги маселе катары айылдык кеңешиннин төрагасы айыл өкмөт башчы болуп дайындалгандыгына  байланыштуу төраганы шайлоо каралып, ачык добуш берүү менен 31 …

Т. Кулатов айыл аймагына жаңы айыл өкмөт башчы дайындалды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагына Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы болуп  эмгектенген. «Мен Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич 1980-жылы Кулатов …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...