8-март — Эл аралык айымдар күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Ж. Аймираев атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Талант Эргешов жетектеген «Абшыр-Ата» айымдар тобу, Нургазы Эргешов жетектеген «Кулатов» айымдар тобу, айыл таланттары, мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар катышты. Майрамдык концерттик программада ыр-бийлер аткарылып, айымдарды даңазалаган чыгармалар тартууланды.

Абшыр-Ата айымдар тобу

Иш чара учурунда

Иш чаранын катышуучулары
Ж. Аймираев атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Талант Эргешовдун айтымында, мындай маданий иш-чаралар айымдардын коомдогу ордун даңазалоо жана жергиликтүү таланттарды колдоо максатында уюштурулуп келет.

Талант Эргешов
«Бул иш-чараны биз жыл сайын өткөрөбүз. Айылдагы айымдардын эмгегин баалап, аларга майрамдык маанай тартуулоо негизги максатыбыз. Бүгүнкү концерттик программага айылдагы таланттуу айымдар, окуучулар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мындай иш-чаралар айыл тургундарын бириктирип, маданиятка болгон кызыгууну арттырат», — деп билдирди.



Иш чара учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева