маалым болгондой баланын тишине кариестин түшүүсү көптөгөн ата-эненин көйгөйү болуп келет. Андыктан интернет булактарынан көптөгөн ата-энелер тастыкталбаган маалыматтарды алып колдонуу менен баланын тишине зыянын тийгизип алган учурлар дагы жок эмес. Андыктан баланын карисенин алдын алуу үчүн эмне кылуу керектиги Суусамыр айылдык ооруканасынын тиш дарыгери Бийсеев Алмаз кеңеш берет.

Тиш дарыгердин айтымында, баланын алгачкы тиштери адатта төрт айынан баштап өсө баштайт. Алгач алдыңкы кашка тиштер чыгып, андан кийин каптал тиштер жана кичине азуу тиштер өсөт. Ал эми сүт тиштердин түшүүсү негизинен алты жаштан башталат.
Адистин белгилешинче, баланын тишинин бекем өсүшү эненин кош бойлуулук мезгилинен эле көз каранды. Эненин организминде витаминдер жетиштүү болуп, гемоглобиндин деңгээли 100дөн жогору болушу баланын сөөк түзүлүшүнүн жана тишинин туура калыптанышына жардам берет.
“Эгер кош бойлуу аял инфекциялык оорулар менен ооруп калса, мисалы, грипп, ОРВИ же пневмония сыяктуу оорулар баланын тишинин калыптанышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, — дейт дарыгер.

Ал ошондой эле балдардын тишине эрте кариес түшүүсүнүн себептеринин бири — таттууларды көп колдонуу экенин айтты. Таттуулар тиштеги майда чуңкурчаларга топтолуп, микробдордун көбөйүшүнө шарт түзөт.
Ошондуктан адис балдарды кичинекей кезинен баштап күнүнө эки жолу тиш жууганга көндүрүү керектигин белгилейт. Мындан тышкары, баланын канын текшертип, организмдеги витаминдер менен микроэлементтердин жетиштүүлүгүн көзөмөлдөө маанилүү.
Эгер баланын тишине кариес түшсө, мүмкүнчүлүк болсо тишти дарылоо сунушталат. Тишти жулдуруу акыркы чара катары гана каралат. Айрым учурларда, айрыкча алты жаштан кийин гана жулдуруу сунушталат.
Тиш щеткасын тандоодо да туура тандоо маанилүү. Балдар үчүн адистер жумшак щетканы колдонууга кеңеш беришет. Ал эми тиш пасталары үч түргө бөлүнөт: дарылоочу, дарылоочу-профилактикалык жана профилактикалык. Пастаны тиштин абалына жараша тандоо керек.
Дарыгер ата-энелерге витаминдерди өз алдынча бербөөгө чакырат. Анткени дозасы туура болбосо, баланын ден соолугуна, анын ичинде бөйрөккө жана тиштин эмалына зыян келтириши мүмкүн.
Адистердин айтымында, баланын тишине туура кам көрүү — келечектеги туруктуу тиштердин дени сак өсүшүнө негиз түзөт.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна