Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев айылдагы айымдарды 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу Кулатов айылынын ардактуу айымдары! Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, тарбиянын булагы. Сиздердин акылмандыгыңыздар, мээримиңиздер жана чыдамкайлыгыңыздар менен айылдын, коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошулуп келет. Эне катары уул-кыздарды тарбиялап, үй-бүлөнүн берекесин арттырып, ар тармакта эмгектенип жаткан эмгегиңиздер баарыбыз үчүн баалуу. Ушул жаз майрамында ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, ар бир күнүңүздөр кубанычка, жакшылыкка жана бакубат жашоого толо берсин!» — деп билдирди.

Абсатар Эшимбаев
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева