Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл аймагында ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Президенттин Турукташтыруу фондунан 350 миллион сом бөлүнүп, айылда заманбап стадиондун курулушу башталды. Долбоор айыл тургундары үчүн спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, жаштардын сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө болот.



Иш чаранын катышуучулары
Ата-Мерек Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Данияр Тажибаев жаңы стадиондун курулушу айыл эли үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи:

Данияр Тажибаев
«Бүгүн биз үчүн кубанычтуу күн. Анткени айылыбыздагы 1982-жылы курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өтпөгөн стадиондун ордуна заманбап шарттары менен жаңы стадион курулуп жатат. Убакыттын өтүшү менен стадиондун айрым жерлери жеке менчикке өтүп кеткен болчу. Жаңы стадион Зулпуев айылынын тургундары үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды камсыздайт. Бул жерде спорттун бир нече түрү менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, жаштардын жана спорт сүйүүчүлөрдүн бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө өбөлгө болот. Буга чейин айылдагы майрамдык жана массалык иш-чараларды өткөрүүдө да бир топ кыйынчылыктар жаралып келген. Жаңы стадион пайдаланууга берилгенден кийин мындай иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачылат», – деп билдирди.


Капсула салынып жаткан учур

Стадиондун проектиси
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева